Кыргыз улуттук университетинин 2025-жылдын 6-октябрында кабыл алынган “Эл аралык карылар күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары менен студенттери 2025-жылдын 17-октябрында Аламүдүн районунуна караштуу Байтик айылында жашаган карысы бар үй-бүлөгө барып, “Кайрымдуулук акциясын” өткөрүп келишти.

Муктаж адамдарга,  социалдык жактан аярлуу катмарларга жардам берүүгө жаштарды тарбиялоо максатында уюштурулган иш-чаранын алкагында студенттер аталган үй-бүлөгө күнүмдүк турмушта кеоектелүүчү атайын даярдалган азык-түлүк баштыктарын тапшырышты.

Бул кадам жаштардын боорукерлигин, жарандык жоопкерчилигин жана коомго пайдалуу болууга болгон умтулуусун даӊазалоону максат кылат. Факультет мындай кайрымдуулук иш-чаралары студенттердин адамдык баалуулуктарын калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгилеп, ушундай демилгелер мындан ары да улантыларын билдирди. Мындай үлгүлүү иш-чаралар көп болуп туруусу жаштар үчүн кайрымдуулуктун маанисин, жакшылык кылуунун кубанычын терең сезе билгенге шарт түзөт.

Аристотель “Кайрымдуулук — бул бакытка жеткирчү жол жана бакыттын өзү” деп айткандай, бул иш-чара баарыбыздын жүрөгүбүзгө жылуулук тартуулап, биргеликте бактылуу болуунун үлгүсүн көрсөттү.

(С) Джапарова Г.Э. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий