2025-жылдын 14-октябрында Журналистика жана коммуникация институту КУУнун стратегиялык өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу бөлүмү менен биргеликте белгилүү журналисттер Вера Беделбек кызы жана Болотбек Таштаналиев менен “Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары: журналистикада жана поэзияда” темасында чыгармачылык жолугушуу өткөрдү.
Коноктор журналистиканын коомдогу орду, поэзиянын күчү жана чыгармачылыктын жаштардын дүйнө таанымына тийгизген таасири тууралуу ой бөлүштү. Вера Беделбек кызы өзүнүн жаңы “Мен күткөн жаз” аттуу ыр китебин студенттерге белек кылды.
Институттун ага окутуучусу Айбек Түмөнбаев уюштурган иш-чара студенттерге чыгармачылык шыктануу тартуулап, жылуу маанайда өттү. Студенттер активдүү катышып, коноктордун чыгармаларын көркөм окуп беришти.
(С) Перизат Джаныбекова – адис, Карымшаков Кайрат (ЖК-1-25), сүрөттөрдүн автору: Кадырбеков Алмазбек (ТВ-1-25)








