А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын профессору Бекболот Канетов 8 – 11 – октябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн “China-Central Asia Forum in Mathematics” аттуу илимий форумга катышып келди. Жыйынга Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Казахстан жана Өзбекстандан келген алдыңкы окумуштуу-математиктер катышты.

Кытайдын Pekin, Xidian, Science and Technology, Shandong, Jilin, Sichuan, Nanjing университеттеринен, Казахстандын Назарбаев университетинен, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинен, Ош мамлекеттик университетинен жана чакырылган өлкөлөрдүн илимдер академияларынын жетекчилери өздөрүнүн университеттери менен институттарындагы математиканын өнүгүүсү жөнүндө айтышып, так маалыматтарды беришти.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан профессор Бекболот Канетов чыгып сөз сүйлөп, окуу жайдагы математиканын өнүгүүсү жөнүндө маалыматтарды айтып берди. Ал о.э. форумдун экинчи бөлүгүндө “Strong Uniformly Paracompact and Uniformly Lindelof” темасында баяндама жасады.

Форумда университеттерде жана илимий институттардагы илимий мектептердин орду, илимий-метрикалык көрсөткүчтөр, илимий проекттер жана гранттар, илимий коллаборация, академиялык мобилдүүлүк, PhD, Кытай жана Борбордук Азия университеттеринин студенттеринин арасында математиалык олимпиадаларды өткөрүү ж.б. боюнча кенен сөз болду.

Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн математиктеринин кийинки форуму Кыргызстанда өтмөй болду.

Сапардын жүрүшүндө профессор Б.Э.Канетов Назарбаев университетинин математика боюнча PhD жетекчиси Сураган Д., М.Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин геометрия жана топология кафедрасынын профессору Р.Бешимов жана А.Навои атындагы Ташкент педагогикалык университетинин физика жана математика факультетинин деканы, профессор И.Жабаров жана профессор Т.Жураев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар эмгектенген кафедралар менен мурда түзүлгөн келишимдерди жаңылаганга да жетишти.  

Добавить комментарий