2025-жылдын  14-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дене тарбия жана спорт кафедрасында окуу-методикалык кабинет ачылып, анын алдына тартылган кызыл тасманы КУУнун ректору, профессор  Догдурбек Чонтоев менен Олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев кесип беришти.

Кафедра башчысы, доцент Шаршен Абдыкеримов КУУнун спорт тармагына салым кошкон жана иштеп жаткан ардактуу агай-эжейлердин сүрөттөрү, медаль-кубоктор менен жабдылган кабинетти  тааныштырып, “100 жылдыкка – 100 кабинет” долбоорунун алкагында ачылып жаткан кабинетти кафедрасын жамааты өз каражатына жасаганын баса белгилеп, кесиптештерине ыраазычылык билдирди. 

Ректор Догдурбек Чонтоев дене тарбия жана спорт кафедрасынын жамаатын куттуктап, ачылып жаткан кабинеттер ыңгайлуу жана натыйжалуу иштөөгө шарт түзөрүн белгилеп өттү. Ректор о.э. жамаат менен баарлашып, айрым маселелер менен жеринен таанышты жана тиешелүү тапшырмаларды берди.  

Белгилей кетсек, учурда Улуттук университетте Олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев эмгектенет. Ал эми эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону (2021), дүйнө кубогунун ээси (2020) Мээрим Жуманазарова да кафедранын катарына кошулуп жатканын окутуучулар маалымдашты.

Добавить комментарий