Урматтуу Бурулжан Назаркуловна!
Сизди чын жүрөктөн бүгүнкү юбилейиңиз менен куттуктайбыз. Бүгүнкү күндө коомдук жашоодо өз активдүүлүгүңүз менен Кыргыз Республикасынын келечеги саналган жаштарды тарбиялоодо талыкпай эмгектенип келе жатканыңыз бизди аябай кубандырып турат. 80 жылдык маареке бул жарым кылымдан ашык өмүр болгондуктан, өзгөчө курак. Андыктан сиздин өмүрүңүз кубаныч жана жакын адамдардын жылуулугу менен толукталып, чыгармачыл иштериңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Биздин арабызда сиздин ордуңуз өзгөчө. Буга далил бүгүнкү салтанаттын катышуучулары саналат. Сиздин 1960-1965-жылдары азыркы И.Арабаев атындагы КМУда билим алып, 1965-жылы “Суусамыр” орто мектебинде “Математик” мугалими болуп эмгек жолун баштагандан тартып, өмүрүңүздү илимге арнап, 1977-жылдан баштап азыркы кезге чейин КУУнун математика жана информатика факультетинде окутуучу, доцент жана көп жыл бою окумуштуулар кеңешинин мүчөсү болуп, үзүрлүү эмгектенип келе жатканыңыз биз үчүн аябагандай зор өрнөк. Өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы саналган билим берүү системасында ары түйшүктүү, ары байсалдуу эмгек жолуңуз ийгилик менен коштолуп, мына бүгүн өз жемишин берүүдө.
Сизден прогрессивдүү билим алган улан-кыздар бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында талыкпай эмгектенип келишүүдө. Илимий турмушка активдүү катышып, Томск шаарында өткөн Эл аралык (1970-ж), Алма-Ата шаарында өткөн (1979-ж) бүткүл союздук конференцияларда “Дифференциалдык теңдемелер” багыты боюнча бир нече жолу жогорку деңгээлдеги баяндамаларды жасап, педагогикалык билимиңизди мыктылыкка жеткирүү максатында Прага шаарындагы Карлов университетинде, Москва шаарында МГУда жана Ленинград шаарында ЛГУда ийгиликтүү стажировка өтүп, 58 жылдан ашуун эмгек жолуңузда 80ден ашуун илимий макала, окуу-методикалык колдонмолорду жарыкка чыгарып, илим үчүн чоң салым коштуңуз.
Студенттик жылдар учурунда үч жыл бою окуунун мыктысы үчүн берилүүчү “Ленин стипендиясынын” ээси, өлкөбүздө өткөрүлгөн кичи жана ири калибрлүү мылтыктар аркылуу өткөрүлгөн спорттун “Ок атуу”(Пулевая стрельба) түрү боюнча чемпионатта байгелүү биринчи орунга ээ болуп, “Спорттун кандидаты” нормативин толтургандыгыңызды сыймыктануу менен айта алабыз.
Ардактуу Бурулжан Назаркуловна!
Сизди 80 жылдык маарекеңиз менен дагы бир ирет куттуктап, чын дилден узун өмүр, кетпеген бакыт каалайбыз! Эмгегиңиздин канчалык кыйын экендигин, түйшүктүн түмөндүүлүгүн студенттер анан албетте жалпы жамаат ар дайым туюп билебиз.
(С) Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты