2025-жылдын 13-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Япониядан келген делегацияны кабыл алды.

Жолугушунун  жүрүшүндө кызматташуунун бир нече  приоритеттүү багыттары, анын ичинде билим тармагы тууралуу кеңири баарлашуу болду. Эки тарап университет аралык байланышты кеңейтүүдө биргеликте жигердүү  иштешүүнү макулдашты. Мындан тышкары академиялык мобилдүүлүктүн актуалдуулугу, тажрыйба алмашуунун келечектүү планы тууралуу сөз болду.

Отурумга Кобе шаарынын аймактык потенциалды өнүктүрүү жана билим берүү тармагындагы инновациялар боюнча платформасынын башкы катчысы Кен Фудзиока (Кобе шаардык муниципалдык колледжиндеги кызматын кошумча аткарат), Университеттин административдик бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шохей Хаяси (студенттерди колдоо борборуна жооптуу),  Яизу шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Мичинори Йоцубани жана IB System компаниясынын төрагасы Шигеру Вакакува, о.э. КУУнун эл аралык кызматташуу жана байланыштар боюнча департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков, кыргыз-япон институтунун директору Такахара Дайсуке, кыргыз-япон институтунун директорунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча орун басары Жеңиш Бексултанов катышышты. 

Добавить комментарий