Мурда кабарлангандай, 2025-жылдын 21-сентябрь күнү “Бурана” этнографиялык комплексинде Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында Жусуп Баласагындын күнүнө жана Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашырууга арналган мааракелик иш-чара өткөрүлдү.
Төмөндө ошол иш-чарада панорамалык камера менен тартылган видеону сунуштайбыз. Анын өзгөчөлүгү, чычкандын сол баскычы менен белгилүү бир чекитти тандап, анан оңго-солго жылдырсаңыз, ошол чекиттин айланасын толук көрөсүз (компьютерде).
Видеонун автору: КУУ боюнча 3D тур жасап жаткан Руслан.