2025-жылдын 2–6-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында Евразия өлкөлөрүнүн жаштары жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү ортосундагы маданий диалогду, гуманитардык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталган “Узнай Россию” аттуу эл аралык программа болуп өттү.
Программага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректоратынын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышып, Россиянын мамлекеттик жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Иш-чаранын алкагында ал Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Евразия” кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова менен жолугушуп, билим берүү жаатындагы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлор тууралуу пикир алышты. Алёна Аршинова КУУнун 100 жылдык мааракесине карата Евразия өлкөлөрүнүн достугунун символу катары университетке заманбап чоң автобус белекке берилээрин билдирди.




