2025-жылдын 2–3-октябрында Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинде «Mapping International Education in South Caucasus and Central Asia» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чара Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия аймагындагы эл аралык билим берүүнүн өнүгүүсүнө, академиялык кызматташтыкты жана билим берүү мейкиндиктеринин интеграциясын талкуулоого арналды.

Конференция “The Network on International Education in South Caucasus and Central Asia at the Intersection of Educational Spaces” (NIE-SCCA-EdSp) долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор Германиянын Эрланген-Нюрнберг университетинин (Friedrich-Alexander-Universität Erlangen-Nürnberg, FAU) Diversity Education and International Education Research бөлүмү тарабынан иштелип чыгып, координацияланып келет.

Долбоордун өнөктөштөрү болуп төмөнкү жогорку окуу жайлар саналат:

  • Абая атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (KazNPU),
  • Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети (ASPU),
  • Фергана мамлекеттик университети (FSU) жана
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (KNU).

Бул долбоор Германиялык академиялык алмашуулар кызматы (DAAD) жана Германия Федералдык Тышкы иштер министрлиги тарабынан «Higher Education Dialogue with the Muslim World» программасынын алкагында каржыланат.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун магистранттары жана студенти долбоордун жергиликтүү координатору, филология илимдеринин кандидаты Уметов Кенжебай Каратаевичтин жетекчилиги астында онлайн форматта конференцияга активдүү катышышты.

Алар өздөрүнүн изилдөөлөрүн жана баяндамаларын сунуштап, эл аралык билим берүүнүн актуалдуу маселелери, академиялык алмашуу жана маданияттар аралык баарлашуу боюнча талкууларда активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Онлайн катышуу студенттерге жана магистранттарга эл аралык академиялык чөйрөдө тажрыйба топтоого жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө шарт түздү.

NIE-SCCA-EdSp долбоору билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, изилдөөчүлөрдүн жана окуу жайлардын туруктуу тармагын түзүүгө багытталган маанилүү платформа болуп саналат.

(С) Кубанычбекова Гульжахан — Чет тилдер институтнун башку адиси — курстун менеджер 

Добавить комментарий