2025-жылдын  30-сентябрында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү эл аралык котормочулар күнүнө карата “Маалыматтык котормонун терминдик маселелери” аталышындагы семинар өткөрдү. Жыйынга атайын конок катары лингвист-котормочу, Кыргызстан «Котормочулар союзунун» мүчөсү Мухтар Давлетов чакырылды.

Иш-чараны КФФ деканы Бактыбек Жайлообаев алып барып, котормо кесибинин өзгөчөлүгү улуттарды байланыштырган, интеллектуалдык деңгээлин көрсөткөн, вазыйпасы түйшүктүү кесип экенин баса  белгиледи.

Жалпы 40 жылдан ашуун убакыттан бери котормочулук менен алектенип келген Мухтар Давлетов: “Котормочулуктун эң башкы миссиясы камтылган маалыматты так, туура берүү. Терминдер бир чети актуалдуу, ошол эле убакта талаш-тартышты көп туудурган маселе. Аны менен катар учурда кыргызча котормонун коомдогу ролу жогорулап, илимдин, техниканын бардык тармактарында жаңы терминдерди жаратуу иши жанданды. Мына ушул маанилүү иштин ортосунда котормочулар турат”,- деди.

Семинарда о.э. терминдерге коюлучуу негизги талаптар, жалпыга сиңип кеткен айрым туура эмес котормо сөздөр, туура жана түшүнүктүү котормолордун айырмасы тууралуу окутуучуларга, студенттерге кенен маалымат берилди. Студенттер Мухтар Давлетовго кызыккан суроолорун берип, талкуулашты. 

Добавить комментарий