2025-жылдын 29-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Түштүк Кореянын Кемён университетинен компьютердик техникалар келди. Алардын ичинде 43 заманбап компьютер жана 9 интерактивдүү панель бар.
Аталган техникалар академиялык кызматташтыкты бекемдөө, студенттер менен окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана заманбап санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында Улуттук университет менен Кемён университети биргеликте ишке ашырып аткан жети жылдык LUPUC долбоорунун алкагында жеткирилди.
Техникаларды кабыл алуу аземине КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Алымбек Кушубеков, математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев жана ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышты.