2025-жылдын 29-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Тайланддын тышкы иштер министрлигинин жана Чулалонгкорн университетинин Азия изилдөө институтунун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда академиялык байланыш орнотуу, өз ара тажрыйба алмашуу тууралуу сөз болуп, чөлкөм таануу, туризм, климаттык өзгөрүү багытындагы кызматташуу эки элдин ортосундагы мамилени чыңдап, жакындатары белгиленди.
Догдурбек Чонтоев Кыргыз улуттук университети эл аралык мамилелерди жогору баалаарын жана мындай жолугушуулар маданий-гуманитардык диалогду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоорун белгилеп, “Жеке байланыштар, ачык баарлашуулар, маданиятка, билимге жана тарыхка болгон өз ара кызыгуу биздин дүйнөнү гармониялуу кылат деп ишенебиз”, – деди.
Иш-чарага Түштүк жана Борбор Азия департаментинин директору Касемсан Тонгсири мырза, директордун кеңешчиси Софранко Суттхисангиам мырза, департаменттин атташеси Китифат Джамджирарукс мырза, Чулалонгкорн университетинин Азия изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Титират Панбамрунгкий мырза, окуу иштери боюнча орун басары Джираютх Синтуфан мырза, изилдөө жана академиялык даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси Варакорн Вимуттичаи айым, о.э. КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу, эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков, кыргыз-европа факультетинин деканы Медина Нукеева, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Эсен Усубалиев жана ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышышты.
Белгилей кетсек, Чулалонгкорн университетинин Азия изилдөө институту Борбордук Азия өлкөлөрү жөнүндө маалымат таратууну көздөйт.








