2025-жылдын 23-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө октябрь айында белгиленүүчү КУУнун 100 жылдыгына карата КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев тарабынан демилгеленген “100 жылдыкка – 100 китеп” долбоорунун алкагында жарык көргөн 100 китептин бетачары болду.

Жыйынды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, аталган демилге – университеттин бай тарыхын, илимий жана маданий мурастарын, о.э. анын бүтүрүүчүлөрү менен окутуучуларынын эмгегин даңазалаган өзгөчө демилге экенин баса белгиледи. Анткени, өлкөбүздөгү жогорку билим берүүнүн тарыхында мындай өрнөктүү жана керемет окуя болгон эмес.

Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары менен КУУнун жалпы жамаатын мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, Эне тил – адамдарды байланыштырып туруучу эле каражат болбостон, ал элдин иденттүүлүгүн тастыктаган коду жана автопортрети экенин, азыр Кыргызстанда, анын ичинде Улуттук университетте да мамлекеттик тилди, расмий тилди, о.э. эл аралык тилдерди эркин билген жаңы муунду өстүрүүгө жана тарбиялоого багытталган аракетер болуп жатканын белгиледи. Ректордун айтымында, соңку мезгилде КУУда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир топ иш-аракеттер жасалып жатат. Алар:

  • буйрук, жобо, кызматтык каттар жана башка иш кагаздары кыргыз тилинде даярдалып, зарыл учурда гана расмий тилге которулууда;
  • окуу программаларын мамлекеттик тилде даярдоо бардык факультеттерде жана институттарда жигердүү ишке ашырылууда;
  • мамлекеттик тилде өтүлүүчү лекциялар менен практикалык сабактардын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү жогорулоодо;
  • кесиптик багыттагы кыргыз тилин окутуу өркүндөтүлүүдө;
  • жаңыланган окуу программалары, окуу китептери жана методикалык колдонмолор аркылуу  кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу жемиштүү улантылуууда;
  • Өкмөттүн токтомуна ылайык окутуучу-профессорлордун жана көмөкчү кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин “Кыргызтест” аркылуу  аныктоо – 2025-жылдын октябрынан баштап буйрукка негизделген график боюнча ишке ашырылары күтүлүүдө;
  • окуу процессин мамлекеттик тилде маалыматтык-программалык камсыздоо жана санариптик негизде уюштуруу үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Догдурбек Чонтоев андан ары университеттин 100 жылдык мааракесине карата өзү тарабынан демилгеленген “100 жылдыкка 100 китеп” долбоорунун үзүрүн көрүп, басмадан жарык көргөн 100 китептин бет ачарына чогуу күбө болуп жаткандыгына кубанычта экенин белгилеп, монографияларды, окуу китептерин жана окуу-методикалык колдонмолорду объективдүү карап, басып чыгаруу боюнча атайын комиссия 2025-жылдын 14-январында түзүлгөнүн, ал комиссия 3 багыт боюнча иш алып барганын: табигый-техникалык багыт (төрага – профессор Эсенбек Мамбетакунов), экономикалык багыт (төрага – профессор Издевалды Искаков) жана коомдук-гуманитардык багыт (төрага – профессор Курманбек Абакиров) билдирди.

Комиссиянын чечими менен 94 аталыштагы эмгек тандалып алынды. Айрым эмгектер бир нече том экендигин эске алсак, 107 эмгек каралып, басмага сунушталды. Алардын арасында 29 монография, 53 окуу куралы, 9 кошумча окуу куралы жана сейрек кездешкен эмгектер бар. Кыргыз тилинде 66 эмгек, орус тилинде – 24, англис, немис, француз тилинде – 4 эмгек басылды. Ал эми багыттар боюнча: табигый-техникалык багытта 16 эмгек, экономикалык багытта 11 эмгек; коомдук-гуманитардык багытта 59 эмгек. Комиссия тарабынан 5 эмгек четке кагылган.

Сөзүнүн соңунда Догдурбек Чонтоев комиссия мүчөлөрү “бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып” демилгелүү, эпкиндүү эмгектенишкенин өзгөчө белгилеп, монографиялардын, окуу китептеринин жана окуу-методикалык колдонмолордун авторлоруна, о.э. басмакананын кызматкерлерине ректораттын жана өзүмдүн атыман терең ыраазычылык билдирди.

Жыйында КР Президентинин кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу  Чолпонбек Абыкеев менен “Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борбору” мамлекеттик мекемесинин директору Темирбек Осмоналиев да сөз сүйлөшүп, Улуттук университеттин эмгек жамаатын Мамлекеттик тил күнү менен куттукташты.

Окуу жайдын 100 жылдыгына карата жарык көргөн 100 китептин символикалуу лентасын ректор Догдурбек Чонтоев менен Президенттин кеңешчиси Чолпонбек АбыкеевЧолпонбек Абыкеев кесишти.

Андан кийин, багыттар боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагалары чыгып сүйлөшүп, китептер кантип тандалгандыгы тууралуу баяндама жасашты:

  • экономикалык багыттар боюнча комиссиянын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Искаков Издевалды Искакович;
  • гуманитардык багыттар боюнча комиссиянын төрагасы, филология  илимдеринин доктору, профессор Абакиров Курманбек Абакирович;
  • табигый-техникалык багыттар боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары, химия илимдеринин доктору, профессор Зарипова Анара Аскарбековна.  

Эмгектердин тарыхы тууралуу физика жана электроника факультетинин профессору Кадышев Сагынтай Кадышевич, Белек Солтоноевдин небереси Белекова Замира Уланбековна айтып беришти.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда мамлекеттик тилде илимий-педагогикалык эмгек жазган жана Улуттук университетке зор эмгек сиңирген айрым окутуучу-профессорлор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардак громатасы менен сыйланышты:

  • Каныбек Осмоналиев – физика жана электроника факультети, ф.-м.и.д. профессор
  • Сардарбек кызы Нурайым – орус жана славян филологиясы факультетинин деканы, ф.и.д, профессор;
  • Керимбекова Дуйшокан – А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунун доценти;
  • Карипова Назгул Токталиевна – биология факультетинин ага окутуучусу
  • Кендирбаева Алмагүл Жумадыловна – география, экология жана туризм факультетинин  кафедра башчысы, доцент
  • Бейшенбаева Зарина Туратбековна – А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын башкы китепканачысы
  • Куракеева Бермет – кыргыз кытай изилдөө институтунун котормо жана котормо таануу    кафедрасынын башчысы
  • Акматбекова Жанара  Адылбековна – журналистика жана коммуникация институтунун программа жеткечиси
  • Халикова Аида Акмаровна – экономиканын жогорку мектебинин доценти
  • Сагыналиева Венера Желденовна –  юридика институтунун доценти
  • Айтмурзаева Акылай Айтмурзаевна – тарых жана чөлкөм таануу институтунун ага окутуучусу

Белгилей кетсек, жаңы китептер экономика, гуманитардык, табигый-техникалык багыттар боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен басмага сунушталып, КУУнун басмаканасында басылды. Белгилеп кетчү нерсе – китептердин басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде жазылган. Жарык көргөн эмгектердин арасында Жусуп Баласагындын 5 томдон турган энциклопедиясы да бар.

Добавить комментарий