2025-жылдын 23-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Ректорат кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйынды биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев алып барды.
Отурумдун жүрүшүндө «2024-2025-окуу жылында Улуттук университетте аткарылган иштер», «Окумуштуулар кеңешинин 2025-2026-окуу жылындагы иш мерчеми» жана «Ректорат кеңешинин 2025-2026-окуу жылындагы иш мерчеми» тууралуу маселелер каралып, аларды Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынды.