2025-жылдын 21-июль күнү Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-монгол биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда ар тараптуу өнөктөштүктү түзүү жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Андан сырткары, дагы 13 документке кол коюлуп, алардын арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монгол мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум да бар. Меморандумга Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев жана Монголиянын билим берүү министри Пурэвсурэнгийн Наранбаяр кол коюшту.

Добавить комментарий