2025-жылдын 28-июнунан 2-июлуна чейин академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТ ж/а ЖМО кафедрасы Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык жана академик А.А.Бөрүбаевдин 75 жылдык маарекесине арналган “Топология жана алардын колдонулуштары” аталыштагы эл аралык илимий конференцияны өткөрдү.

Бул илимий конференция КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин КУУнун 100 жылдык маарекесине карата “100 жылдыкка – 100 иш чара” демилгесинин алкагында өттү.   

Конференциянын ачылышы Улуттук университетте болуп, ага КУУнун биринчи проректору-окуу боюнча проректор  Алайбек Шамшиев жана илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек катышты. Алар конференциянын катышуучуларына ректордун жана өздөрүнүн атынан жылуу сөздөрүн айтышып ийгилик каалашты.

Чолпон-Ата шаарындагы “Каприз” пансионатында уланган конфернциянын иши өзгөчө форматта болуп, ар бир доклад көлдүн жээгиндеги илинген доскага жазылып баяндалды. Сербия, Чехия, Россия, Өзбекстан, Азербайжандан келген окумуштуулар катышып, 30 дан ашуун баяндамалар жасалды. Конференциянын алкагында Россиянын М.В.Ломоносов атындагы ММУнун топология жана геометрия кафедрасынын башчысы Ю.В.Садовничий, Сербиянын Ниш университетинин профессору Л.Кочинац, Чехиянын Оломоуц университетинин профессору Й.Микеш, Баку университетинин профессору С.Байрамов, М.Улугбек атындагы Өзбекстан Республикасынын улуттук университетинин профессору Р.Б.Бешимов, Низами атындагы Ташкент педагогикалык университетинин профессору Р.Ф.Жураев жана Ташкент архитектура жана курулуш университетинин илимий иштер боюнча проректору А.А.Заитов менен коллаборация боюнча иштерди жүргүзүүнүн конкреттүү чечимдери кабыл алынды. Профессор Б.Э.Канетовдун “Айрым тандоо принциптерин чагылдырууларга жайылтуу” аталышындагы баяндамасы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.

Япониянын Симане университетинин президенти Я.Хаттори, Мексиканын Метрополитен автономдук университетинин профессору М.Ткаченко жана Бириккен Араб Эмиратынын Заед университетинин профессору Жалалидин Жээнбай онлайн аркылуу байланышып, конференциянын ишине ийгилик каалашты.

“Күн”, “Көл”, “Кум” сыяктуу жаратылыштын элементтери менен “Кызыктуу илимий баяндама” элементтери бири-бири менен ажырагыстай болуп жуурулушуп турду. Өзбекстан Республикасынын Романовский атындагы математика институнун илимий кызматкери айткандай, бул илимий конференция ар бир катышуучунун эсинде кала тургандай деңгээлде өткөнүн белгилеп коюу аша чаппайт деп ойлойбуз.  

Конференциянын өтүшүнө кафедранын ар бир мүчөсүнүн, айрыкча профессор А.М.Алыбаев жана доценттер Б.З.Рахманкулов менен М.А.Абдраимовалардын салымы зор.

Бул конференция кафедранын мүчөлөрүнүн каржылоосу менен өттү жана бул салым университеттин өнүгүүсүнө болгон инвестициянын бир түрү деп айтууга да болот.

Book of abstracts (June 28-30, 2025)

Program

(С) Академик А.А. Бөрүбаев атындагы АГТ ж/а ЖМО  кафедрасынын курамы

Добавить комментарий