2025-жылдын 2-июль күнү 6-окуу имаратынын 2-дарсканасында математика жана информатика институтунун бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи болуп, жыйынга институт директору Изат Усенов, анын орун басарлары Бактияр Рахманкулов жана Чолпон Байсабаева катышты.
Директор студенттердин 4 жыл бою жакшы билим алышында институттун окутуучуларынын эмгеги зор экендигин баса белгилеп, бүтүрүүчүлөр да келечекте кыргыз педагогикасына зор салым кошоруна ишенерин билдирди. Окууну аяктап жаткан 4-курс студенттери окутуучу-профессорлор курамына өз ыраазычылыктарын айтышты.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү чакан концерт менен коштолуп, окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөр ардак грамоталар менен сыйланышты. Жыйындын соңунда, ата-энелер бүтүрүүчүлөрдү куттукташып, аларды дайыма ийгиликтер коштоп жүрүшүнө тилектеш экендигин билдиришти.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент





