Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев билим берүү системасында ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу максатында коррупцияга каршы системалуу иштерди жүргүзүп келет.

Ал кызматка келгенден тарта университетте мыйзамдуулукту, ак ниет башкарууну жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү башкы багыт катары аныктап, бардык факультеттер, кафедралар жана түзүмдүк бөлүмдөр менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, кызматкерлерди жана окутуучуларды мыйзам чегинде таза жана жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырып келет.

Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө билим берүүнүн бардык баскычтарында — өзгөчө баалоо, экзамен тапшыруу жана студенттер менен иштөөдө — калыстык, адилеттүүлүк жана ачык-айкындуулук негизги принциптер болушу керек экенин белгилейт.

Мындан сырткары, университеттин жетекчилиги студенттердин үнүн угууга жана алар туш болгон көйгөйлөрдү ачык билдирүүгө шарт түзүү максатында бир катар кошумча чараларды көрүүдө. Анын алкагында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин бардык окуу имараттарына атайын анонимдүү даттанма жана сунуш кутучалары орнотулду. Бул кутучалар ар бир студентке же кызматкерге өз көйгөйлөрүн, байкоо же сунуштарын жашыруун түрдө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кутучалар үзгүлтүксүз текшерилип, түшкөн билдирүүлөр тиешелүү жетекчилик тарабынан купуялуулукту сактоо менен кароого алынып, зарыл чаралар көрүлүүдө. Бул механизм коррупцияга каршы күрөштө жана академиялык чөйрөдөгү адилеттүүлүктү камсыз кылууда маанилүү куралдардын бири болуп эсептелет.

Жетекчиликтин бул өңүттөгү чечкиндүү кадамдары билим берүү мекемесинде таза, ишенимдүү жана акыйкат чөйрөнү түзүүгө багытталган. Кыргыз Улуттук университети мындан ары да билим сапатын жогорулатуу жана студенттердин укугун коргоо багытында системалуу иш алып барууну улантат.

Добавить комментарий