2025-жылдын 19-июнунда КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу жайдын дүйнөлүк университеттердин QS WUR киргендигине байланыштуу түзүмдүк бөлуктүн жетекчилери менен жолугушуп, бул ийгилик менен жалпы жамаатты куттуктады.
“Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети дүйнөлүк QS World University Rankings (QS WUR) рейтингине киришине кыска аралыкта кирүүдө каражат коротпой, Улуттук макамга ээ чет элдик абройлуу ЖОЖдор менен кызматашуу, ачыктык жана илимий иштерди жарыялоо боюнча 10 критерий каралган. Акыркы жети ай ичинде биз “Университет 4.0” моделине өтүү планын жана жол картасын ишке ашыруу боюнча эбегейсиз зор иштерди аткардык. Бул ийгиликтин негизинде ар бир жамаат мүчөсүнүн – окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин – опол тоодой салымы турат. Ар бириңиздердин кажыбас эмгегиңиздер жана университетке болгон берилгендигиңиздер бизди ушул бийиктикке жеткирди.” –деп билдирди ректор Догдурбек Чонтоев.
QS World University Rankings (QS WUR) рейтингине 106 мамлекеттен 24 миң окуу жайлар катышууга арыз берип, анын ичинен 8 миң окуу жайы рейтинге кирген.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 1234 позицияда турат.
Жолугушууда ректор Догдурбек Чонтоев бул ийгилик менен гана чектелбестен, алдыга дагы зор максаттарды коюп жаткандыгы менен бөлүштү.
Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамааты бул жаңлыкты кубануу менен кабыл алды.
QS World University Rankings (QS WUR) рейтингине киргизүү боюнча иш жүргүзгөн КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев жетектеген жумушчу топко ырааазычылык билдирилди.










