2025-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлор ассоциациясынын онлайн жыйыны өттү. Жыйында күн тартибиндеги маселелердин алкагында Ассоциациянын төрагасынын орун басары, академик Рысбек Нургазиевдин отчету угулду.

Андан кийин Ассоциациянын төрагасы, профессор Абдылда Мусаевдин өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арызы каралды.

Жаңы төраганы шайлоо онлайн добуш берүү жолу менен өтүп, бардык катышуучулар бир добуштан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Токтосартович Чонтоевдин талапкерлигин колдошту.

Ректорлор ассоциациясынын курамына өлкөнүн 33 жогорку окуу жайы кирет.

КУУнун ректору Догдурбек Токтосартович Чонтоевди Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлор ассоциациясынын төрагалыгына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди жана жемиштүү иш алып барууну каалайбыз!

Кыскача маалымат:

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы 2014-жылдын 1-мартында түзүлгөн. Ассоциациянын курамына өлкөнүн 33 ири жана беделдүү жогорку окуу жайлары кирет.

Ассоциациянын курамы

Ассоциация жогорку билим берүү тармагындагы эң маанилүү маселелерди талкуулоого активдүү катышат. Алардын ичинде: ЖОЖдорду оптималдаштыруу, аккредитация системасын киргизүү, илим тармагындагы реформалар жана башка багыттар бар.

Ассоциациянын расмий веб-сайты: www.avuz.kg

Мындан тышкары, Ассоциациянын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган илимий басылмасы — *”Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жарчысы” аттуу журналы бар.

Добавить комментарий