2025-жылдын 27-май күнү Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жыйындар залында академик Абдыганы Эркебаевдин 7 томдон турган илимий эмгектерин белгилүү филологдор менен тарыхчыларга, укук таануучулар менен саясат таануучуларга тартуулоо аземи болуп өттү.

Жыйынды ачып жатып академиктин шакирти Садык Алахан залкар окумуштуунун 7 томдугундагы эмгектер тууралуу кыскача маалымат берди. Андан соң академик Абдыганы Эркебаевич илим, окумуштуулуктун аруу жолу, өмүр тагдырындагы айрым бир урунттуу   жөнүндө кеңири сөз кылды.

Белгилүү окумштуулар Лайли Үкүбаева, Үмүт Култаева, Жолборс Жоробеков, Тынчтыкбек Чоротоген, институттун директору Арслан Кулбаев ж.б.лар Абдыганы Эркебаевичтин илимий чыгармачылыгы, дегеле илимпоздук өмүр, окумуштуу менен коомдун карым-катышы ж.б. маселелер тууралуу кеңири жана ар тараптуу сөз кылышты. Жыйын жылуу маанайда өткөндүгү менен чогулгандарды ыраазы кылды.

Добавить комментарий