2025-жылдын 26–май күнү математика жана информатика  институнунун  академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын эмгек жамааты жана студенттери кафедра башчысы  профессор Бекболот Канетовдун демилгеси менен «Ата–Бейит» мемориалдык комплексине барышып, 1916-жылкы Үркүн каргашасында каза болгондорго, 1930–1937–жылдардагы репрессияга кабылгандарга, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айматовго жана 2010–жылы Апрель революциясынын баатырларына куран окушуп, эстеликтерине таазим этип, гүлдестелерди коюшту.

Жүрүш учурунда өсүп келе жаткан жаш муундар Апрель революциясынын баатырларынын арасында КУУнун эки окутуучусу: Кудайбергенов Жолдошбек жана Жумаев Мырзабек бар экендиги тууралуу кабардар болушту.

Айтылгандардын баары — биздин тарых. Тарыхыбызды унутпайлы, маданиятыбызды өстүрөлү жана бул байлыктарыбызды кийинки муундар баалагандай иштерди жасайлы.

Бүгүнкү экскурсия Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине жана мамлекеттик “Уңгу жолу” доктринасынын негизги таянымдарынын бири саналган кыргыз элинин баалуулуктарына кирген тарыхий эстеликтерибиз менен жаштарды тааныштыруу, алардын мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүп, элге кызмат кылуу дараметине, заман талабына ылайык билим жана кесипкөйлүккө ээ, эркин ой жүгүртүп, өз алдынча туура чечим чыгара алган, максатына жетүүдө ар кандай тоскоолдуктарды жеңе билген, эрки бекем, өз мекенин, элин чексиз сүйгөн кыргызстандык жарандарды тарбиялоо максатында жүргүзүлдү.                Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары ,ф.-м.и.к.,доцент

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий