2025-жылдын 26–27-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин докторанты, Кыргызстандагы немис тили мугалимдеринин коомунун жетекчиси, ф.и.к., доц. Мамбетова Замира Кыдырмышовнанын жетектөөсү астында Бишкек шаарына жакын жайгашкан «Кой-Таш» эс алуу жайында Борбордук Азия мамлекеттеринин немис тили мугалимдеринин «Борбордук Азияда немис тили мугалимдеринин кесиптик өнүгүүсү: мүмкүнчүлүктөрү жана кыйынчылыктары» леп аталган эл аралык III форуму болуп өттү.

Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы немис тили мугалимдеринин коомунун мүчөлөрү, көрүнүктүү окмуштуулар, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Швейцария, Италиядан жана Алматыдагы Гете-институттан келген референттер, билим берүү мекемелеринин жана тил борборлорунун өкүлдөрү, о.э. Германиянын дүйнөгө таанымал басмаканалары — Hueber, Cornelsen, Klett, Берлиндеги Эркин университетинен, DAAD программасынын Борбор Азия боюнча жетекчиси д-р Гизела Циммерман жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, проф. М.М.Дылдаевдин жана Салымбеков университетинин президенти PhD А.Ж.Жумадылов катышышты. Келген  референттер ар түрдүү темадагы воркшопторду өткөрүү менен бирге илиймий докладдарды жасашып, тажрыйба алмашышты.

III Форумдун катышуучулары немис тилин окутуунун заманбап ыкмаларын талкуулашып, жаңы методикалар менен бөлүшүштү жана региондордогу немис тили боюнча маселелер талкууланып, келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Форумдун жүрүшүндө эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жана Борбордук Азияда немис тилин жайылтуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгы баса белгиленди.

Жыйындын негизги бөлүгүндө Ташкент шаарындагы Өзбекстан мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин профессору Хуррам Рахимов, Астанадагы Евразия улуттук университетинин профессору А.Е.Бижкенова, Абылай Хан атындагы Казак эл аралык университетинин профессору М.Х.Танкибаева жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Ч.С.Тулеева пленардык докладдарды жасашты.

(С) Мамбетова З.К. – Кыргыз улуттук университетинин докторанты, Кыргызстандагы немис тили мугалимдеринин коомунун жетекчиси, ф.и.к., доц.

Добавить комментарий