Түркия Республикасынын Анталия шаарында бирдиктүү түрк алфавитин түзүү долбоорун координациялаган Түрк академиясынын демилгеси менен 2025-жылдын 28, 29-апрелинде “Түрк дүйнөсүнүн биримдиги жолунда орток алфавит” деген аталышта семинар болуп өттү.

Бирдиктүү алфавитти иштеп чыгуу үчүн өткөрүлгөн семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия мамлекеттеринен тилчи-окумуштуулар катышты. Атайын түзүлгөн комиссиянын курамына мүчө болуп, ар бир мамлекеттен экиден өкүл кабыл алынган. Кыргызстандан белгилүү тилчи-окумуштуулар КР УИАнын академиги, ф.и.д., профессор С.Ж.Мусаев жана КР УИАнын мүчө-корреспонденти ф.и.д., профессор Т.С.Маразыков катышты.

Түрк академиясынын билдирүүсүнө караганда бул жолугушуунун максаты түрк тилдеринин бирдиктүү алфавитин иштеп чыгуу менен түрк элдеринин тил мурасын сактап, түрк тилдерин бириктирүү, мүчө мамлекеттердин жазма байланышын жөнөкөйлөтүү, түрк элдеринин ортосундагы илимий байланыштарды жана маданий-агартууларды арттыруу болуп саналат.

(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор

Добавить комментарий