1945-жылдын 9-майында бүт дүйнө фашизмдин үстүнөн болгон Улуу Жеңишти майрамдаган. 80 жыл өткөн соң, ошол улуу тарыхый окуяны терең урматтоо менен эскерүү максатында 28-апрелде ЭАМжЧТ факультетинде 1-курстун топторунун арасында “Жеңишке 80 жыл” аттуу конкурс-кече болуп өттү. Конкурстун шартына ылайык ар бир топтун студенттери патриоттук, Жеңиш темасында ыр; согуштун кесететтери, согуш маалындагы поёк, күч бирдикте, азыркы жаштар жана Жеңиш күнү, Кыргызстандан чыккан баатырлар темасында  презентация, көркөм окуу жана сценка даярдашып, көрсөтүштү.

Студенттер бул кечеге алдын ала даярданышып, америка таануу, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер программасынын студенттери өздөрүнүн активдүүлүгүн жана чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Улуу Жеңиш – бул бир гана өткөн чактын эрдиги эмес, ал бүгүнкү күндө да ынтымактын, мекенчилдиктин жана тынчтыкка умтулуубуздун символу бойдон калат.
 

(С) Мырзанаева Медина – ЭАМжЧТ факультетинин ага окутуучусу

Добавить комментарий