2025-жылдын 28-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Догдурбек Чонтоев “Универсиада 2025” мелдешинде үчүнчү орунду ээлеген КУУнун курама командасынын жетекчилерин кабыл алып, ийгилиги менен куттуктады.
Ректор Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө: “Спорттун 22 түрүнөн күчтүү атаандаштыкта мыкты жыйынтык көрсөтүп, үчүнчү орунду камсыздаган студенттерге, мугалимдерге жана тренерлерге терең ыраазычылык билдирем. Ар бир жеңиштин артында талыкпаган эмгек жана университеттин намысын коргоо аракеттери жатат. Бул жеңиш КУУнун 100 жылдык мааракесине эң сонун белек болуп калды,” — деп белгиледи.
Белгилей кетсек, 12-марттан 25-апрелге чейин өткөн “Универсиада 2025” мелдешинде Кыргызстандын 32 жогорку окуу жайынын командалары спорттун 22 түрүнөн күч сынашкан. КУУнун курама командасы спорттун бардык түрүнө активдүү катышып, командалык эсепте үчүнчү орунду камсыздады. Команда Кубок жана 100 миң сом байгелик сертификатка ээ болушту.






Тема боюнча материалдар:
- Ректор Универсиадада байгелүү орундарды ээлеген КУУнун тогуз коргоол боюнча курама командаларын куттуктады
- Догдурбек Чонтоев Универсиадада 2-орунду ээлеген оор атлетика боюнча КУУнун курама командасын куттуктады
- Ректор Универсиадада 1-орундарды ээлеген КУУнун стол тенниси жана кыргыз күрөшү боюнча командалары менен жолугушту
- Ректор Универсиадада 2-орунду ээлеген КУУнун бокс боюнча курама командасын кабыл алды
- Догдурбек Чонтоев Универсиадада 3-орунду ээлеген КУУнун жеңил атлетика боюнча курама командасын кабыл алды