2025-жылдын 24-апрель күнү математика жана информатика институтунда факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын ага-окутуучусу Календерова Таалайгүл Кыргыз улуттук университетинин 100-жылдык мааракесине арналган Ж.Баласагын жана анын мурасы “Кут алчу билим” эмгеги боюнча 1-курстун студенттерине ачык сабак өттү. Бул иш чара улуу ойчулдун бизге калтырган мурасынын тарыхын билүүгө арналды. Бүгүнкү күнүбүз акыл эстин жана руханий байлыктын маанисин дагы бир эске салган ачык сабак болду.
Сабак эки бөлүктөн туруп, Ж.Баласагындын бала кезин, жаштайынан китепке, билимге кызыкканын, ар тараптан изденип, акыры эли үчүн, башкаруучу хандарга, бектерге, кол башчыларага арнап китеп жазууга бел байлайт.
“Кут алчу билим” – адеп, акыйкаттык, башкаруу жана жашоо жөнүндө илимдин булагы. “Окуу түндө алдыңдагы шам чырак, билим алсаң маңдай ачык жаркырап”.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Ж.Баласагынга тиешелүү илим билим жөнүндөгү учкул сөздөрдү айтып, англисче эквиваленттерин берип жатышты.
Сабактын экинчи бөлүгүндө жыйынга катышып отурган студенттер Кыргыз улуттук университети жөнүндө, Ж.Баласагын жөнүндө суроо жооп иретинде баарлашып, залдагы маанайды көтөрдү. Сабак, окуу методикалык, тарбиялык тараптан өз максатына жетти.
(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча директордун орунбасары, ф.-м.и.к., доцент



