2025-жылдын 24-апрель күнү «Медиа сабаттуулук апталыгы» расмий түрдө жыйынтыкталды. Иш-чара институттун «Журналистика» программасы тарабынан уюштурулуп, бир нече күн бою студенттерди жана окуучуларды маалыматтык агымда туура багыт алууга, критикалык ой жүгүртүүгө жана медианы туура колдонууга үйрөтүүгө багытталды.
Бул жолу иш-чарага КНУнун студенттери менен катар эле Нарын жана Ош облусунан келген жогорку класстын окуучулары да катышты. Медиа чөйрөсүнө кызыккан жаштар үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк болду. Алар адистер менен жолугуп, медиа сабаттуулук боюнча терең түшүнүк алып, өз ойлорун билдирүүгө ачык мүмкүнчүлүк алышты. Шаршембиева Раушан ага окутуучу жетектеген “Media Linker” социалдык баракчанын студенттери окуучуларга интерактивдүү оюн уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү блогер Чолпон Уламбекова “Медиаманипуляция” темасында мастер-класс өткөрүп, студенттерге социалдык тармактардагы контентти таануу ыкмаларын жана блогер катары коом алдындагы жоопкерчилик тууралуу маалымат берди. Анын айтымында: «Бүгүнкү күндө блогерлик — жөн гана пикир билдирүү эмес, бул коомго таасир эте турган чоң күч. Ар бир билдирүү — маалыматтык жоопкерчилик».
Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер жана окуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, мындай жандуу жана пайдалуу форматтагы иш-чара мындан ары да уланышынкаалашты.
(С) Желденбаева Жаркын – “Журналистика” программасынын окутуучусу


