“Бүгүнкү күндө адамдар маалыматты «информационный фаст-фуд» сыяктуу гана кабыл алууда: тез, кыска, бирок үстүртөн. Мындай ыкма аналитикалык ой жүгүртүүнү солгундатып  кенен, толук маалыматты кабыл алуу жөндөмүн начарлатат”, – бул тууралуу медиа-тренер Кундуз Жекшен кызы окуучуларга маалымат берип жатып билдирди.

 21-23-24-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунда “Медиа сабаттуулук жумалыгы” өтүп жатат. Иш-чара институттун “Журналистика” билим берүү программасы тарабынан уюштурулуп, үч күн бою кызыктуу баяндамалар, мастер-класстар жана интерактивдүү оюндар менен коштолот.

Иш-чаранын биринчи күнү салтанаттуу түрдө ачылып, институттун директору Ширин Костюк баштап берди. Ага борбордогу   №75,  №101-орто мектептин жогорку классынын окуучулары катышты.  «Вечерний Бишкек» сайтынын журналисти Назгуль Абдыразакова жана медиа-тренер Кундуз Жекшен кызы фейк, фишинг жана жалган аккаунттар тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал эми студенттердин катышуусунда “Media Linker” интерактивдүү оюну уюштурулду.

Медиа сабаттуулук жумалыгынын негизги максаты — окучуулардын, студенттердин жана жаш журналисттердин маалымат мейкиндигинде туура багыт алуусун, фейк кабарларды таанып-билүү жөндөмүн өнүктүрүү жана санариптик медианын коопсуздугу тууралуу түшүнүктөрүн тереңдетүү. 

(С) Ж.Желденбаева – “Журналистика” билим берүү программасынын окутуучусу

Добавить комментарий