2025-жылдын 16-апрель күнү математика жана информатика институтунда «Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү» белгиленип, иш чарага дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов жана кафедранын ага окутуучулары Түгөлбай Базакечев менен Бакыт Кадыров чакырылды. Институт директору Изат Усенов мындай жолугушуулар жаш студент-спортсмендерге дем берип, дүйнөлүк аренада чоң-чоң ийгиликтерди жаратуусуна түрткү болоорун белгиледи.
КР спорт чебери Түгөлбай Базакечев институттун студенттерине ыраазычылыгын билдирүү менен дайыма ден соолукта болуп, студенттердин мекенчилдик сезими жогору деңгээлде болушуна тилектеш экенин билдирди. Ал о.э. белгилүү кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын кантип чоң спортко келгендиги тууралуу сөз кылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттик кеңештин төрагасы, 4-курстун студенти Жолдубаев Бектур Советтик Кыргызстандын, СССРдин желегин желбиреткен оор атлетика боюнча спорт чебери Шаршен агай жана эгемендүү Кыргызстандын желегин желбиреткен дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, дүйнөнүн 14 жолку чемпиону, “кармаш-уруш” жана ММА версиясы боюнча спорттун эл аралык чебери Бакыт агай, өлкөбүздүн балбан кыздарын дүйнөлүк аренага чыгуу үчүн чоң салымын кошкон Түгөлбай агайлар менен дайыма сыймыктанарын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Түгөлбай Базакечев КР эркин күрөш боюнча спорт чебери ,КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу.
Бүгүнкү иш-чара Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана мамлекеттик “Уңгу жолу” доктринасынын негизги багыттарынын бири саналган дене тарбия жана спорт жаатында өткөрүлүп, жарандарды сергек жашоого үндөө,жаштарды спорттун заманбап түрлөрүнө шыктандыруу чакырыгы болду.
(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент



