2025-жылдын 13-апрелинде Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоо максатында КУУнун алдындагы Конфуций институтунун кытай жана кыргыз мугалимдери Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан «Бактылуу балалык» балдар үйүнө барышты.

Иш-чаранын алкагында Конфуций институтунун окутуучулары жана волонтёрлору балдарга керектүү кеңсе буюмдарын, момпосуйларды, оюнчуктарды, спорт буюмдарын ошондой эле кытай маданиятын чагылдырган кыстармалар менен кагаздан жасалган кооз буюмдарды белекке беришти. Балдар үчүн кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, бир аз да болсо балдарга жакшы маанай тартууланды. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, балдар материалдык гана эмес, моралдык жактан да колдоону сезишти. Бул жолугушуу Конфуций институтунун Кыргызстанда социалдык багыттагы иш-чараларга жигердүү катышуу жана маданий алмашууну өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан узак мөөнөттүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.

(С) Усенбаева Жылдыз – Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору

Добавить комментарий