2025-жылы 8-апрелде Улуттук тарых музейинде Улуттук банк, Билим берүү жана илим министрлиги, Депозиттерди коргоо агенттиги, Кыргызстандын банктар союзу жана коммерциялык банктар тарабынан уюштурулган “Глобалдуу акча жумалыгы-2025” жарманкеси башталды.

Иш-чарага экономиканын жогорку мектебинин банктык иш жана салык салуу кафедрсынын башчысы Бактыгүл Есеналиева, доценттери Эльмира Курамаева жана Жылдыз Мырзахматова катышышты. 

Жыйынды Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева ачып, катышуучуларды “Глобалдуу акча жумалыгы-2025” кампаниясынын ачылышы менен куттуктады жана аталган иш-чара 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан өткөрүлүп келе жатканын билдирди.

Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев Кыргыз Республикасынын банк системасына токтолуп, анын туруктуулугуна жана накталай эмес төлөмдөр жүргүзүлүп жатканы таң калыштуу эмес экени жөнүндо студенттерге кызыктуу маалымат берди.

Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнө караштуу финансылык сабаттуулук тобунун жетекчиси Кубаныч Мусуралиев каржылык сабаттуулук боюнча билдирүү жасады.

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси Кадырбек Букуев депозиттерди тартуучу финансылык уюмдар тууралуу айтып берди.

Расмий бөлүктөн кийин викторина башталып, “Жаш банкир жана жаш салыкчы” клубунун студенттери оюндардарга жана сынактарга активдүү катышышты. Жеӊүүчүлөр фирмалык белектер менен сыйланышты.

9-апрель күнү аталган клубдун мүчөлөрү Утуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсияга барышты. Улуттук банктын коммуникациялар жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Сабыр кызы Анара студенттерге улуттук валютанын келип чыгышы, анын ролу тууралуу кеңири маалымат берди.

10-апрелде 2- курстун “Банктык иш” жана “Салык жана салык салуу” профилдеринин студенттери Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине экскурсияга барышып, 5 банк – “Айыл Банк”, “Бакай Банк”, “Мбанк”, “Элдик Банк” жана “ЭкоИсламикБанк” исламдык каржылоо принциптеринин негизинде депозиттерди тартып жатканы, депозиттер боюнча пайыздык чендер азыр 17%-18% түзөөрү тууралуу кеңири маалымат алып келишти. 

(С) Э.Курамаева – “Банктык иш жана салык салуу” кафедрасынын доценти, э.и.к.

Добавить комментарий