2025-жылдын 14-апрелинде чет тилдер институтунда Словакиянын Константин Философ атындагы Нитра университетинен келген расмий делегация менен жолугушуу болду.
Делегациянын курамы:
- профессор, доктор Зденка Гадушева — делегациянын жетекчиси, англис тили жана америка таануу кафедрасынын профессору;
- профессор, доктор Алена Хаскова — маалыматтык технологиялар кафедрасынын өкүлү.
Делегацияны расмий түрдө институттун директору Кенжебай Уметов тосуп алып, университеттин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү, эл аралык багыттагы жетишкендиктери жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берилди.
Жолугушууда төмөнкү багыттар боюнча кызматташтык маселелери талкууланды:
- студенттер жана окутуучулар үчүн мобилдүүлүк программалары;
- — биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу;
- — конференциялар жана семинарларды уюштуруу.
Словакия делегациясы “Эразмус+” программасынын алкагында биргелешип иштешүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле, тараптар Scopus эл аралык илимий журналдар базасында жарыялануучу биргелешкен илимий макалаларды жазуу боюнча да макулдашышты.
Жолугушунун жүрүшүндө тараптар жакынкы убакта кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу ниетин билдиришти. Бул келечектеги тыгыз жана туруктуу кызматташтыктын пайдубалын түптөйт.
Жолугушуунун аягында делегация меймандостук үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен билим берүү тармагында тыгыз байланыш түзүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
(С) Тыныбаева Айжан – ЧТИнин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары


