2025-жылдын 9-апрелинде кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун орто жалпы билим берүү программасынын (гимназиянын) окуучулары борбор шаарыбыздын Ала-Тоо аянтындагы “Ак менен караны ажыраткан” эстелигине барып, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда каза болгондорду эскеришти. Тарых сабагынын мугалими Жоодатбекова Сымбат бул экскурсиянын негизги максаты: Кыргызстандагы 2010-жылдагы элдик революциянын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү жана келип чыгышынын көптөгөн себептери айтып берүү. Ошондой эле бийликке нараазы болуп чыккан карапайым эл чындыгында ак үйдүн алдына адилеттүүлүк издеп, ар кайсы региондордон келип, чындыкты издеп чыркырашты, төштөрүн снайперлердин огуна тосушуп, аягына чейин тике турушту. Ошол каза болгон Кыргызстандын жигиттеринин канына оролгон ал күндөрдүн элеси эстелик болуп ак үйдүн алдына орнотулган “Ак менен караны ажыраткан” эстелик жөнүндө да айтып кетти.

Адилеттүүлүк издеп каза болгон жигиттердин эрдигин эч качан унутпашыбыз керек. Алардын эрдиги дайыма жүрөгүбүздө сакталышы керек. “Ак ийилет-бирок сынбайт” деп ээсибизге тутуп алышыбыз керек.

Биздин окуучулар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Тарых музейине да сапар алып, кыргыз элинин жашоосунун этаптары менен, ошол мезгилдердеги экспонаттар менен да таанышып келишти.

(С) Бейшеналиева Бермет – ККДжКЖ институтунун башкы адиси

Добавить комментарий