2025-жылдын 9-апрелинде «Дос-Кредобанк» ААК демилгеси экономиканын жогорку мектебинде Эл аралык акча жумалыгынын (Global Money Week) алкагында жыл сайын өтүүчу каржылык сабаттуулук маселелесине арналган лекция болуп өттү. Иш-чара финансы кафедрасынын «Жаш финансист» клубунун алкагында ачык лекция форматында өткөрүлүп, анда Дос-Кредобанктын өкүлдөрү финансылык сабаттуулуктун негиздери, финансыдагы жана маркетингдеги жашыл принциптер жөнүндө айтып беришти.
Лекцияны окуган спикерлер:
- Буажар Абдыкадырова – Улуттук банктын каржылык сабаттуулук боюнча мастер-тренери;
- Талгатбек кызы Нуржазы – операциялык бөлүмдүн башчысы;
- Ботаев Эрбол Мухтарович – чакан насыя берүү бөлүмүнүн жетекчиси;
- Акылай Тенизбаева – экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (ESG) боюнча адис.
Лекциянын максаты – студенттерде негизги каржылык көндүмдөрдү калыптандыруу, жеке каржыны башкаруу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, о.э. заманбап банктык продуктылар жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу.
Талкууга алынган негизги маселелер:
- банк карталарын коопсуз колдонуу негиздери;
- депозиттик продуктулардын артыкчылыктары;
- жеке бюджеттин негизги принциптери жана каржылык сабаттуулук;
- «Дос-Кредобанк» ААК филиалдарында стажировка өтүү мүмкүнчүлүктөрү.
Улуттук банктын финансылык сабаттуулук боюнча мастер-тренери, жеке финансы боюнча эксперт Буажар Абдыкадырова жеке бюджетти башкаруу боюнча баалуу билимдер жана практикалык инструменттер менен бөлүштү.
Иш-чара жандуу жана жемиштүү атмосферада өттү: катышуучулар суроолорду берип, пикирлерин бөлүшүп, эксперттерден пайдалуу кеңештерди алышты. Дос-Кредобанк ар дайым банк чөйрөсүнө кызыккан, жаш жана амбициялуу бутуруучулор менен кызматташууга ачык экендигин билдиришти. Иш-чаранын уюштуруучулары: финансы кафедрасы тарабынан э.и.к., доц. Секиева Р.А., э.и.к., доц. Аташова А.К., э.и.к., доц. Нурмукамбетова Ж.К.
(С) Султаналиева Сайкал – окутуучу





