2025-жылдын 4-апрелинде 6-окуу имаратынын 7-дарсканасында физика жана электроника факультети КУУнун 100 жылдыгына карата студенттердин арасында «Акыл-Ордо» таймашын өткөрдү.
Оюндун башталышында 2-курс студенти Эшалиева Айзирек: ««Убакыт бар…» ушул сөзгө алданба, ким алданса калат чексиз арманда», – деп убакыттын баалуулугу жөнүндө айтып келип Нуржигит Кадырбековдун «Бир секунд» ырын көркөм окуп берди.
Бул таймаш 3 тур менен өткөрүлүп, 1-турда Кыргыз улуттук университетине байланышкан, 2-турда Кыргызстан, спорт, өлкөлөрдүн желеги, ооба же жок, “Ак категориясы”, “Манас” эпосу, макал-лакаптар, физика; “К” тамгасы, “Т категориясы” боюнча аралаш жана 3-турда терең мазмундагы логикалык суроолор берилди.
Студенттерге даярдануу үчүн убакыттар берилип, ал учурда факультеттин деканы С.А.Токтогонов факультеттин 100 жылдык тарыхы жөнүндө кенен маалымат берип, бул иш-чара фундаменталдуу факультеттин студенттери үчүн терең ой-жүгүртүүгө, жаратылышты окутуп-үйрөткөн физиктердин дүйнөнү терең түшүнүшүнө өбөлгө түзүүчү шарттардын бири болоруна токтолду. Декан о.э. факультетти 20, 30, 40 жыл мурун бүтүп кеткен студенттер кайрылып келишип, ыраазычылыктарын билдирип жатышкандыктары жөнүндө айтып берди. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү билимге көбүрөөк байланышкандыгын баса белгилеп айтты.
Окуу иштери боюнча декандын орун басары Г.Д.Исмаилова менен тарбия иштери боюнча декандын орун басары А.С.Дөөлөталиева студенттерге тарбиялык маанидеги сөздөрүн айтуу менен, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, бардык катышуучулар белектер менен сыйланышты жана 1-, 2-орундарга диплом менен медалдар тапшырылды. Аягында бул таймашты уюштурууда активдүү катышкандыгы үчүн факультеттин деканатынын атынан 2-курстун студенттери Эшалиева Айзирек жана Эмирбекова Гулина ардак грамоталар” менен сыйланышты.
(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент




