2025-жылдын 4-апрель күнү математика жана информатика институттун студенттери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Апрель окуясында каза болгон баатырларды, алардын ичинде Улуттук университеттин математика жана информатика институтунун ага окутуучусу Мырзабек Жумаев менен социалдык-гуманитардык илимдер институтунун ага окутуучусу Жолдошбек Кудайбергеновду эскеришти.

Аталган комплекстин экскурсоводу 1937-жылы сталиндик репрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү тууралуу да айтып берди.

Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болду.

Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт.

Биз, Кыргызстан жаштары, ата-бабаларыбыздын элесинин алдыда мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз.       

(С) Бектур Жолдубаев – институттун студенттик кеңешинин төрагасы

Добавить комментарий