Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн “Котормо жана котормо таануу” адистигинде билим алып жаткан ККТ-2-23 группасынын студенттери: Керезова Айдана, Тургунполотова Айжана, Нурланова Аида, Бекболотова Айгерим, Тасмабекова Айназик жана Бектурсун к Мээрбан Ташкент шаарындагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2 жумага барып, билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Аталган академиялык мобилдүүлүк, эки университеттин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде ишке ашып жатат. Программа алкагында студенттер Мирза Улукбек атындагы улуттук университетинин чет тилдер факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын сабактарына катышып, түркология, котормо таануу жана тил илими багытындагы теориялык жана практикалык билимдерин тереңдетишүүдө.

Мындан тышкары, студенттер эки элдин маданий байланыштарын чыңдоого багытталган ар кандай иш-чараларга жана таанышуу жолугушууларына катышып жатышат. Бул тажрыйба алардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүп гана тим болбостон, боордош өлкөлөрдүн ортосундагы академиялык жана маданий диалогду дагы бекемдөөгө салым кошот.

Академиялык мобилдүүлүккө катышкан студенттердин айтымында, бул мүмкүнчүлүк алар үчүн чоң стимул болуп, адистикке байланыштуу компетенцияларын калыптандырууга өбөлгө түзүүдө. Ал эми Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы мындан ары да эл аралык кызматташууларды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий