2025-жылдын 3-апрелинде смарт класста компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Информатика жана эсептөө техникасы» багытынын 1-курс студенттери үчүн «App IT Company» IT компаниясынын директору, флаттер иштеп чыгуучу, агартуучу Турат Алыбаев жана компаниянын проект менеджери, Data Scientist Арууке Турганбаева «АйТи тармагында ийгиликтүү карьера куруу жолдору» деген темада конок лекция окушту.

Турат Алыбаев өз сөзүндө маалыматтык технологиялар тармагындагы перспективдүү багыттарга токтолуп, популярдуу программалоо тилдери, жасалма интеллект жана рынокто суроо-талапка ээ болуп жаткан куралдар жөнүндө айтып берди. Ал практикалык тажрыйбанын маанилүүлүгүн баса белгилеп, стажировкага жана open-source долбоорлоруна катышууну сунуштады. Арууке Турганбаева Data Science тууралуу маалымат берип, студенттердин тандаган кесиби боюнча үзгүлтүксүз окуу жана аны өнүктүрүү маанилүү роль ойноорун белгиледи. Лекциянын аягында студенттер суроолорун берип, жооп ала алышты. Лекция студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду.

«Информатика жана эсептөө техникасы» ББПнын окутуучулар курамы Турат Аманбековичке жана Арууке Турганбаевага чон ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!

(С) Бугубаева Ж.Т. – «Информатика жана эсептөө техникасы» ББПнын жетекчиси

Добавить комментарий