Казакстан республикасынын Астана шаарында улуттук инновациялык илим изилдөө борбору “Bilim-orkenieti” жана “Мыкты студенттер академиясы” тарабынан уюштурулган “Орто Азиянын эң мыкты студенти” аттуу эл аралык кароо сынакта КУУнун физика жана электроника факультетинин 3-курсунун Ф(б)-1-22 группасынын студенттери Ратбеков Ринат жана Канатбек кызы Фаризат катышып, “1-даражадагы орто Азиянын эң мыкты студенти” наамына ээ болушту.

Сынакта студенттердин жетишкендиктерин тастыктоочу грамота, ыраазычылык кат, диплом, сертификат  ж.б сыйлыктары каралган. Бул да болсо улуттук университетибиздин сыймыгы болуп саналат. Мындан ары да мындай мыкты жетишкендиктерге биздин көптөгөн студенттерибиз ээ болоруна ишенебиз.

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий