2025-жылдын 24-28-март күндөрү физика жана электроника факультетинин деканы, доцент Самат Токтогонов «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын чакыруусу менен «Train-The-Trainers» форматындагы «Аз кубаттуулуктагы атомдук станциялар: негизги аспектилери жана жашоо цикли» аттуу кыска мөөнөттүү окуу курсуна катышып келди. Сабактар Москвадагы “Росатомдун техникалык академиясында” өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө “Заманбап энергетикада атомдук генерациянын ролу”, “Атомдук электр станцияларында ядролук энергияны өндүрүү жана өзгөртүү. Реактор физикасынын негиздери” сыяктуу жалпы темалардан баштап, “Росатом техникалык академиясы – Ядролук жана кесиптик билим берүүнүн эл аралык борбору”, “Билим берүүнүн ядролук-физикалык профилдеги билим берүү программаларын иштеп чыгуу” сыяктуу 13 лекция угулду. Курстун жүрүшүндө Электросталь жана Подольскиге экскурсиялар уюштурулду. Бул экскурсияларда катышуучулар реакторлор үчүн отун элементтерин өндүрүү жана алар үчүн корпустарды жасоо менен таанышты.
Курска Кыргызстандан 5, Өзбекстандан 13 адам катышты. Катышуучулар 600 талапкердин ичинен тандалып алынган.
Бул иш-чара катышуучулардын профессионалдык деңгээлин жогорулатууга жана келечектүү долбоорлор катары аз кубаттуу атомдук электр станцияларынын коопсуздугу жаатындагы билимдерин жогорулатууга өбөлгө түздү, атап айтканда, Кыргызстандын аймагында аз кубаттуу атомдук электр станциясын курууга арналган.
Тренингдин аягында жыйынтыктоочу тест өткөрүлдү. Жыйынтыктоочу талкуу болуп, сертификаттар тапшырылды.
Тренингдин жыйынтыгы боюнча мындан аркы кызматташуунун жолдору эл аралык кызматташтыктын директору В.Е. Мазепов жана өзбек кесиптештери менен байланыш түзүлдү.
АЭС тин иштөө принциби
Калкыган АТЭС
Реакторлоду колдонуучу флот
(С) Токтогонов С.А. – физика жана электроника факультетинин деканы, доцент






