2025-жылдын 31-март күнү география, экология жана туризм факультетинин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттери 6-окуу имаратынын айланасын жашылдандыруу акциясын өткөрүшүп, УИАнын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынан алып келинген сирень, гортензия, калина, спирея, юкка ж.б. жети түрдүү дарак-бадалдарды отургузушту.

Бул иш-чара окуу имаратынын айланасында экологиялык жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл мурас” долбооруна салым кошууга багытталган.

Белгилеп кетчү нерсе – студенттер дарак-бадалдарды алып келээрден мурда, УИАнын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын дендрарий-коругундагы аллеяларды шыпырып, питомниктердин ичин тазалашты.

Жашылдандыруу иш-чарасы кийин да удантылат.

Добавить комментарий