2025-жылдын 31-мартында чет тилдер институтунда «Аталар сөзү – акылдын көзү» жана «Бейиш эненин таманында» темасында тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага белгилүү журналист, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атахан Кожогулов менен “Кыргыз Туусу” гезитинин журналисти, акын, публицист Вера Беделбек катышты.
Тегерек столдо катышуучулар ата-эненин адамдын жашоосундагы маанилүү ролун талкуулашты. Алар бүгүнкү күндөгү жаштардын идеологиясындагы өзгөрүүлөр, жаштардын ата-энелерине карата мамилеси жана алардын сөздөрүнүн мааниси тууралуу сөз кылышты. Атахан Кожогулов аталардын сөзүнүн, ошондой эле ата-энелердин өбөгүнүн өмүрдө чоң орду бар экенин белгиледи. Вера Беделбек эне-бала мамилесинин жана ата-эненин камкордугунун маанисин баса белгиледи.
Студенттерге ата-энелерин баалап, алардын ишеничин актоо жана жакшы окуп, ийгиликтерге жетишүү зарылдыгы айтылды.
Бул иш-чара жаштардын жашоо приоритеттерин кайра карап чыгууга жана ата-энелерге болгон сый-урматын арттырууга чоң өбөлгө түздү.
(С) Айжан Тыныбаева – тарбия иштери боюнча директордун орун басары







