2023-жылдын 20-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө эки мекеменин ортосундагы илимий кызматташтык тууралуу сөз болуп, жыйынтыгында Улуттук илимдер академиясы менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Ректор УИАнын президентин жылуу тосуп алып, саламдашкан соң, “Илим менен билим ар дайым бирге болушу керек, биз сиздер тыгыз кызматташууга даярбыз”, – деп билдирди. Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов илимдин өнүгүү багыттары, илимий ачылыштарды жасоонун жолдору боюнча сөз сүйлөп, – Учурда илимге кызыккан жаштар көбөйүүдө. Эки тарап биригип жаштардан мыкты академиктерди даярдап чыгарабыз, – деди.
Кол коюлган документке ылайык, тараптардын биргелешкен кызматташуусу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин, семинарларды, конференцияларды өткөрүүнү, студенттик практиканын бардык түрлөрүн өткөрүү боюнча шарттарды түзүүнү, билим берүү тармагындагы илимий-методикалык конференцияларды жана илимий-практикалык семинарларды өткөрүүнү камтыйт.
Улуттук илимдер академиясы КУУнун аспирантурада жана докторантурада окуп жаткан студенттерине өзүнүн китепкана фондусун пайдаланууга уруксат берет, о.э. PhD даражасындагы илимий кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгууга катышат.
Жолугушууга о.э УИАнын башкы окумуштуу катчысы Бермет Худайбергенова, илимий-уюштуруучулук иштери жана илимий кадрларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Урусова жана КУУнун окуу иштери боюнча проректору Эрлан Базарбаев, илимий иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев, эл аралык байланыштар бөлүмүнун башчысы Бакыт Келдибеков, о.э. юридикалык институттун директорунун орун басары Досаалы Иманбердиев, илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асел Шайылдаева катышты.