Математика жана информатика институтунун студентери КУУнун мамлекеттик тил бөлүмү уюштурган мамлекеттик тил боюнча факультеттер аралык студенттик олимпиадага катышып, алдыңкы орундарга ээ болушту.

Көркөм окуу боюнча: акын Мирлан Самыйкожонун “Бирик кыргыз” ырын ПМиИ-1-24 группасынын студенти Төлөбекова Сезим көркөм окуп II даражадагы дипломго ээ болсо, акын Зайырбек Ажыматовдун “Аман болчу Кыргызстан” деген ырын көркөм окуп ПМиИ-2-24 группасынын студенти Аманидинова Зарема тастыктама менен сыйланды.

Жасалма интеллектти колдонуп, мультфильмди кыргыз тилине сүйлөтүү боюнча ПМиИ-2-24 группасынын студенттери Уланбекова Алина жана Нурбекова Бурулсун “Барби” аттуу мультфильмди жана ИТиУ-1-24 группасынын студенттери Мусаева Жанета жана  Кубандыкова Ханзада “Жердин борборуна саякат” аттуу мультфильмди кыргыз тилине которуп, үн коштоп (озвучка), айтып беришип тастыктамага ээ болушту.

Студенттер олимпиадага кыргыз тили жана адабиятынын ага окутуучусу Мамбетова Алтынай Кыдырмышовнанын жетекчилиги астында  даярдалып, жакшы орундарды алып келишти.

Институттун жетекчилиги өз студенттерин бүгүнкү ийгиликтери менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.  

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий