Кыргыз филологиясы факультетинде 28-март күнү 15-март – Аталар күнүнө карата жана май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнүнө карата “Ата – аска зоо, эне – боорундагы булак, бала – ортосунда жанып турган шам чырак» аттуу тегерек үстөл болуп өттү.

Тегерек үстөлдө Тилебаева Күлайым эже, Джумаев Мырзабек агай, Садык Алаханович жана Бектурсун Ашимович конок болуп, кызыктуу маек куруп беришти.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, азыркы коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашты.

(С) Г. А. Көчкөнбаевна – тарбия жана окуу иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий