Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2025-жылдын 19-мартында юридикалык колледж салтка айланган “Нооруз” майрамын салтанаттуу белгиледи.

Иш чаранын расмий бөлүмүндө КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөз сүйлөп, сыйлыктар тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Нооруз майрамынын алкагында сүмөлөк кайнатылып, улуттук тамактар менен кийимдердин көргөзмөсү уюшурулуп, улуттук оюндар боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Жалпы жамаат жана студенттер үчүн ооз ачыруу жөрөлгөсү болуп, жакшы тилектер айтылып, иш чара жогорку деңгээлде жакшы маанай менен жыйынтыкталды.

(С) Тумаров Харсан – заместитель директора юридического колледжа

Добавить комментарий