2025-жылдын 18-март күнү башкы окуу имараты менен 8-окуу имаратынын ортосундагы аянтчада мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети Нооруз майрамына карата “Өнөр кечи” аттуу маданий иш-чара өткөрдү. Майрамдык кечеге КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, факультеттер менен институттардын жетекчилери жана студенттер катышты.

Ректор майрамдык кеченин катышуучуларын келе жаткан Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, бул майрам – тарыхы терең, өзүнчө философиясы бар майрам экенин, Кыргыз улуттук университети — кыргыз тилин, каада-салтын, маданиятын, Манасты даңазалоо менен алектенген, улутубуздун жүзүн чагылдырган улуу билим ордосу экенин белгиледи жана иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева майрамдык кече өткөрүлүп жаткан аянтчадагы “Боз үй” деген кооз инсталляцияны факультеттин бүтүрүүчүлөрү жасап кетишкенин, ал эми бүгүнкү Нооруз майрамын уюштурууда факультет студенттери чыгармачылык менен мамиле кылып, өзгөчө креативдүүлүгүн көрсөтүшүп жатышканын белгиледи.

Куттуктоолордон кийин майрамдык кече концерттик программа менен уланып, МжМБФтин таланттуу студенттери менен окутуучулары улуттук аспаптарда кол ойнотуп, обондуу ырларды жандуу үн менен аткарып, көрүүчүлөрдү өз өнөрлөрү менен суктандырышты. Атайын даярдалган оюн-зооктор да катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, майрамдын шаңын арттырды.

Иш-чаранын соңунда коноктор үчүн майрамдык тамак уюштурулуп, катышуучулар жылуу пикирлерин билдиришти.

Бул иш-чара Нооруз майрамынын маңызын дагы бир ирет даңазалап, достукту, биримдикти жана чыгармачылыкты алдыңкы планга койгон өзгөчө маданий кече болуп калды.

(С) Суймонова Жылдыз – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий