2025-жылдын 12-март күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев институт директорлору, факультет декандары менен башкы имараттагы конференц-залда, андан кийин кафедра башчылары менен чоң жыйындар залында кеңешмелерди өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө ректор окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата даярдык иштердин жүрүшү, WhatsApp топтору, “КУУнун жарчысы” журналы, келишим түзүүнүн тартиби, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу, Нооруз майрамына карата даярдыктар тууралуу билдирүү жасап, студенттерге шарттарды түзүү жана окуу имараттары менен жатканалардын айланасын жашылдандыруу боюнча түзүм жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Кеңешмеде о.э. окуу жайдын окуу, чарба ишмердүүлүгүнө жана коомдук турмушуна байланышкан башка маселелер да каралды.
Жыйынга илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, ректораттын аппарат жетекчиси Дуулат Шерик уулу, кесиптик бирлик комитетинн төрагасы Кубанычбек Жумабеков, каржы-чарба түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Институт директорлору жана факультет декандары менен кеңешме






Кафедра башчылары менен кеңешме



