2026-жылдын 3-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибинин негизги бөлүгүндө 2, ар түрдүү бөлүгүндө 4 маселе каралды.
Отурумдун башында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышуучуларга Улуттук университеттин 7 адамдан турган делегациясынын 27-28-февраль күндөрү Ташкент жана Самарканд шаарларына болгон иш сапары тууралуу токтолуп, Ташкенттеги Өзбекстан улуттук университетиндеги жана Самарканддагы Самарканд мамлекеттик университетиндеги жолугушуулар, аталган университеттерде жетишилген келишимдер жана кол коюлган документтер жөнүндө маалымат берди. Догдурбек Чонтоевдин айтымында, иш сапар жалпысынан ийгиликтүү болду.
Ректор о.э. Аялдардын эл аралык күнүнө сунушталган сыйлыктар, Улуттук университеттин жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларынын 24-25-февраль күндөрү ички аккредитациядан өтүшү, окуу имараттарындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү, ботаникалык бакчадагы абал, окуу процесси боюнча студенттерден түшкөн сунуштар, Улуттутук университетти 100 жылда аяктаган бүтүрүүчүлөр тууралуу маалымат берип, 100 жылдыкка даярдыктар боюнча түзүм жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Отурумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча этика комиссиясынын төрагасы Анарбек Алыбаев чыгып сүйлөп, аталган комиссиянын 2024-2025-окуу жылындагы иши жөнүндө билдирүү жасады.
“2025-2026-окуу жылында КУУда кредиттик технологиялар боюнча окуу процессин уюштуруу” жөнүндө” деп аталган күн тартибиндеги 2-маселе боюнча окуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Турусбек Аблешов баяндап берди.
Отурумдун “Ар түрдүү маселелер” деген бөлүгүндө “Студенттик кадрлар бөлүмүнүн соңку 3 жылдагы отчету”, “Жарандык коргонуу жана атайын мобилизациялык иштер”, “Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору PhD/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо” жана «Гамма-бычак» медициналык аппаратынын долбоору” тууралуу маселелер каралып, алар боюнча студенттик кадрлар бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Жусубалиева, жарандык коргонуу жана атайын мобилизациялык иштер боюнча сектордун башкы адиси Алмаз Осмонов, PhD программасынын жетекчиси Эрмека Лайлиева жана инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова маалымат беришти.
Отурумдун жүрүшүндө аталган маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, алымча-кошумчалар менен Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна сунушталды.